Төрт адам тирүүлөй күйүп кеткен “Лексус” боюнча фактыга карата эки берене боюнча кылмыш иши козголду
Поделиться в:
Ысык-Көл областында аварияга учурап жана жүргүнчүлөрү менен өрттөнүп кеткен «Лексус» унаасына байланыштуу болгон фактыга карата эки берене боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Кылмыш иши “транспорт каражаттарын туура эмес башкаруу” жана “баңгизатын мыйзамсыз өндүрүү, сактоо, кармоо, сатуу” беренелерине ылайык козголду.
Эскерте кетсек, кечээ 8-сентябрда Ысык-Көл районунда, Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун 113-чакырымында «Лексус» унаасы кырсыкка кабылып, кырсыктан улам 4 адам салондо өрттөнүп кеткен. Унаанын багажнигинен кулап түшкөн эки кап баңгизаты дагы табылган.
Ссылка: https://barometr.kg/content6069
Добавить комментарий ×