Маалымат жыйынын өткөргөндөн кийин Нурлан Мотуевди абакка кармап кетишти
Кечээ, 8-сентябрда Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматы Нурлан Мотуевди маалымат жыйынын бергеден кийин кармап кетти. Бул маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматы тастыктаганын maralfm.kg кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал учурда №32 абакта кармалууда.
Буга чейин, Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматы анын катталууга келбей жаткандыгын билдирген. Соттолгон адам 72 сааттын ичинде кечиккен учурда, анын качып кетүү маселеси каралат. Ал эми Мотуев өзүнүн кураторуна телефон чалып кабарлап тургандыгын айткан.
Эске салсак, буга чейин Нурлан Мотуев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу өлкө жетекчилерине кайрылып, абактарды абалына нааразычылыгын билдирген.
Мотуев кечээ, 8-сентябрда Бишкекте маалымат жыйынын өткөргөн.
Ссылка: https://barometr.kg/content6068
Добавить комментарий ×