Жол жээгинде бара жаткан жигитти сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды
6-сентябрь күнү саат 22:40 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунаа жол четинде бара жаткан 24 жаштагы Нурмухамед аттуу жашоочуну сүзүп кетип, окуя болгон жерден токтобостон изин жашырып качып кеткен. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.
Жабырлануучу Нурмухамед автоунаанын номурун эстеп калып, “102” кызматына билдирген. Жалал-Абад шаарынын патрулдук милициясы жүргүзгөн ыкчам –иликтөө иш- чараларынын натыйжасында, кылмыш изин суутпай Сузак районунун Барпы айылынын 21 жаштагы М.О. аттуу тургуну кармалган. Кармалган жаранга административдик протокол толтурулуп, атайын унаа токтотуучу жайына унаасы киргизилген. Тергөө амалдары жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content6067
Добавить комментарий ×