Баңгизатты мыйзамсыз сактаган жаран кармалды

9 сентября 2017 17:09 348 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл районунан баңгизаттарын мыйзамсыз сактоого шектүү катары 28 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИмден кабарлашты.

 Кармалган жаранды текшерүү учурунда өзгөчө жыты бар зат табылган. Экспертизанын жыйынтыгы менен 2 килограмм салмактагы марихуана баңгизаты экендиги аныкталган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү жаранга камакка алуу чечими чыгарылган. Учурда иликтөө иштери уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content6065



Добавить комментарий