Диабетке каршы дары-дармектерди сатып алууга 140 млн. сом бөлүнөт

9 сентября 2017 17:06 311 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков диабетке каршы дары-дармектерди сатып алууга жана неонаталдык текшерүү жүргүзүүгө 140 млн. сом өлчөмүндө мамлекеттик бюджеттин кошумча каражаттарынын эсебинен бөлүү жөнүндө буйрукка кол койду.

Көрүү көйгөйлөрү бар, кант диабети менен ооруган улуу бейтаптар, инсулиндерди алып жатып, инсулин ийнелеринин жазуулары абдан кичинекей жана көрүнбөгөн болгондуктан, дозасынын өлчөмүн көрө алышпайт. Ушуга байланыштуу диабет менен ооруган улуу кишилер жана өспүрүмдөр үчүн кошумча картридж түрлөрү аралашкан инсулин аналогдорун жана бул инсулиндердин түрлөрүнө ийне-калемдерин сатып алуу муктаждыгы пайда болгон.

Мындан тышкары, кант эмес диабети менен ооругандар үчүн антидиуретикалык гормон препараттарын сатып алуу зарылдыгы бар.  Анткени бул дарыны  жетиштүү көлөмдө ала албаган бейтаптар күнүнө 15 литрге чейин суу колдонушу керек.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын 1-январынан тартып, кант диабетинин Мамлекеттик регистринин маалыматтары боюнча Кыргызстанда 16 504 кант диабети менен ооругандар инсулинотерапияга муктаж жана 700 адам кант эмес диабети менен ооругандар антидиуретикалык гормон препараттарын ичишет.

Ошондой эле буйрукка ылайык, калкка медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыз кылуу максатында, Чүй облусунун Панфилов районунун Жалпы дарыгердик практика борборуна (ЖДПБ) жүк-жүргүнчү көтөргүчүн сатып алуу жана орнотуу үчүн республикалык бюджеттен 5 млн. сом бөлүнөт.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6064



Добавить комментарий