Сапар Исаков: 2018-жылдын күзүндө үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтөт
2018-жылдын күзүндө үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтөт. Биздин милдет Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын системалуу жана жогорку уюшулгандыкта өткөрүү, иш-чарага даярдык көрүүдө эч кандай кыйынчылыктар болбошу үчүн, анын бардык аспектилерин иштеп чыгуу болуп саналат.
Масштабдуу иш чараны өткөрүүгө атайын бардык эл аралык талаптарга жооп берген ат майдан курулган. Мелдештерди өткөрүүгө дене-тарбия жана ден-соолукту чыңдоочу комплекси бар. Мындан сырткары Кырчын жайлоосунда этно-оюндарды өткөрүү үчүн бардык шарттарды уюштурууга болот. Оюндун жүрүшү боюнча кеңири маалымат алып туруу үчүн, Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун атайын сайты иштейт.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 8-сентябрда, үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүгө карата даярдыктарды көрүү боюнча жумушчу жыйында билдирди.
Өкмөт башчы өзгөчө Өкмөт мүчөлөрүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышууну каалаган демөөрчүлөргө көңүл бурууга чакырды.
«Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышууну каалаган, Өкмөт менен кызматташууга даяр болгон демөөрчүлөр менен туура багытта иш алып баруу зарыл. Бул эки тарапка тең пайдалуу болгон кызматташуу болууга тийиш. Биз өлкөнүн бюджетине күч келтирбешибиз керек. Оюнду өткөрүүгө өздөрүнүн кызыкчылыгы бар потенциалдуу өнөктөштөр жана демөөрчүлөр менен бул маселени иштеп чыккан жакшы. Бул багытта биз бардык маселелерди ачык иштеп чыгышыбыз керек», — деди Сапар Исаков.
Премьер-министр министрликтер менен ведомстволордун алдына бир катар конкреттүү тапшырмаларды койду.
Тактап айтканда Өкмөттүн Аппаратына уюштуруу комитетин түзүп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катчылыгын кайра жандантуу тапшырылды.
Мындан сырткары Маданият маалымат жана туризм министрлигине Ысык-Көл районундагы Кырчын капчыгайында маданий иш чараларды өткөрүү боюнча концепция иштеп чыгууну, Ички иштер министрлигине коопсуздукту камсыз кылууну, Транспорт жана жолдор минитсрлигине Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келе турган конокторду кабыл алуу үчүн «Манас» Эл аралык аэропортун жана «Ысык-Көл» (Тамчы) аэропортун даярдоону тапшырды.
Ссылка: https://barometr.kg/content6062
Добавить комментарий ×