Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө
Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош облустук улуттук кыргыз драма театрында чоң концертин берди. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары келип катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.
Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Чүйдүн ар кыл таланттары келип Ош шаарына өздөрүнүн өнөрлөрүн тартууулап жаткандыгы жакшы жышаан экендигин билдирип, мадият өнүксө өлкөдө өсүү боло тургандыгын белгиледи.
“Өлкө башчыбыз быйылкы жылды «Ыйман, адеп жана маданият» жылы деп белгилеген. Ага карата өнөр адамдары район, шаарларды кыдырып таланттарын тартуулап жаткандыгы баарын кубандырат. Унутта калган эски ырларга жан берип Ош шаарынын тургундарына Чүйдүн таланттары келип олтурат. Маданий тармакта болгон карым катнаш чыңала берсин”,-деди А.Кадырбаев.
Белгилей кетсек, «Ыйман, адеп жана маданият» жылынын алкагында КРнын маданият, маалымат жана туризм минстрлиги тарабынан облустар аралык маданият күндөрүн өткөрүү пландаштырылган. Ошол жарлыктын алгагында Чүй облусунун маданият кызматкерлери Ош шаарына гастролдоп келген.
Ссылка: https://barometr.kg/content6060
Добавить комментарий ×