Киевдин борборунда атышуу болду, кыргызстандыктар жаракат алганы болжолдонууда

9 сентября 2017 15:22 328 Barometr
Поделиться в:
ok

 Киевдин Шевченков районунда болгон атышуудан эки киши жаракат алды. Бул тууралуу Украинанын Улуттук полициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

 “Адегенде укук коргоо органдарына Белорусская көчөсүндө айнеги талкаланган Opel унаасы табылганын, анын ичинде автоматка окшош предмет жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал эми бир нече мүнөттөн кийин 102 кызматына Бердичевская көчөсүндө жайгашкан медициналдык борборго эки эркек октон жаракат алып түшкөнү тууралуу маалымат келген”,-деп айтылат кабарда.  

Окуя болгон жерге ыкчам топ барган. Укук коргоо органдары жагдайды иликтөөдө.

Opel унаасы менен келип ок чыгаргандардан эки кыргызстандык жабыркаганы болжолдонууда.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6059



Добавить комментарий