Ошто болгон аварияда 60 жаштагы айдоочу аял каза таап, 7 киши ооруканага жатты

9 сентября 2017 14:54 496 Barometr
Поделиться в:
ok

 Ош областынын Кара-Суу районунда болгон жол кырсыгында бир аял каза таап, 7 киши жарадар болду. Бул тууралуу Ош областынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. 

Милиционерлер маалымдагандай, окуя 8-сентябрда саат 17:45те  Ак-Таш  айылында болгон, кырсыкта микроавтобус жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа кагылышкан.   

Жол кырсыгынан  жеңил унааны айдап бара жаткан 60 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну (аял киши) каза тапты. Жети киши ооруканага жеткирилди.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6058



Добавить комментарий