Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш маалымат таратты

23 января 2017 12:33 574 Barometr
Поделиться в:
ok

23-24-январда Баткен, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынын аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.Бишкек-Ош, Ош-Сары-Таш-Иркештам, Ош-Мырзаке-Алайкуу, Ала-Бука-Жаңы-База-Канышкыя жолдорунда кар көчкүсүнүнүн түшүшү күтүлөт. 24-25-январда абанын температурасы төмөндөп: түнкүсүн Чүй өрөөнүндө -8…-13°, Чүй өрөөнүнүн түндүгүндө жана Талас өрөөнүндө -10…-15°, күндүз 0…-5° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -4° сууктан…+1° жылуулукка чейин, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз -1…-6° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -13…-18° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -15…-20° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Аталган тоолуу участкалар менен жол жүрүүдөн баш тартуу сунушталат.

Ссылка: https://barometr.kg/content605



Добавить комментарий