Кыргызстандык ажылар бүгүндөн тарта мекенибизге кайта башташат
Поделиться в:
Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу бүгүн, 8-сентябрда Жидда-Бишкек багыты боюнча Кыргызстандын убактысы менен түнкү саат 01:10до Манас Эл аралык аба майданына конот. Ар бир каттамда 303 кишиден келип, Бишкек шаарына 3 каттам конот. Алгачкы каттамдарда Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл жана Бишкек шаарынан жөнөп кетишкен ажылар кайтып келишмекчи. Андан соң 19-сентябрга чейин Жидда-Ош, Медина-Ош багыттары боюнча каттамдар менен кайтып келишмекчи.
Эскерте кетсек, быйыл 2017-жылы Сауд Арабиясынын ажылык министрлиги Кыргызстанга 4885 квота бөлүп берген.
Ссылка: https://barometr.kg/content6040
Добавить комментарий ×