Түркмөнстанда селден ондогон адам мерт болду
Августтун ортосунда Түркмөнстандын Ахал жана Балкан облустарынын айрым райондору селден жабыркады. Күбөлөр табият кырсыгынан ондогон адам каза болгонун билдиришкенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.
«Азаттыктын» түркмөн кызматынын бир нече булагы ырастаган маалыматтарга караганда, аймактагы селдерден улам 30га жакын киши мерт болгон. Андан тышкары миңдеген үй жандыктары өлүп, электр линиялары менен газ түтүктөрү жарактан чыкканы кабарланууда.
Басылма бир нече күн мурда Ашхабаддан 70 чакырым алыстыкта жайгашкан Довгала кыштагында тартылган тасмага ээ болгон. Анда баткак жана таш аралаш сел агымынын көчөлөрдү каптап жатканын көрүүгө болот.
Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, селден кийин жаратылыш кырсыгынан жабыркаган аймактарга жергиликтүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана аскер кызматкерлери жөнөтүлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/content6024
Добавить комментарий ×