Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды
Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаарына барып, белекке берилген Chevrolet Malibu автоунаасынын жана батирдин ачкычын алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Айта кетсек, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келген иш сапарында төкмө акын Идирис Айтибаевге унаа жана батир белек кылган. Бул туурасында Андижан облусунун акими Шухрат Абдурахмонов “Достук” чек арасынын ачылышында билдирген эле.
Кечээ акынга 3 бөлмөлүү батир жана автоунаанын ачкычын Андижан облусунун акими өз колу менен тапшырды. Акын Идирис Айтибаев белекке алган батири жана унаасы туурасында айтып, комуздун коштоосунда Өзбекстан президентине жана акимчиликке терең ыраазычылык билдирди.Тапшыруу аземине акындын атасы Абдусаттар Айтибаев, Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманова, Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрынын жетекчиси Набижан Мамажанов, аксакалдар жана туугандары келип катышты.
Ошондой эле, төкмө акын Идирис Айтибаев Андижан облусундагы туулган айылына барып, жакындары жана айылдаштары менен көрүшүп кайтты.
Ссылка: https://barometr.kg/content6023
Добавить комментарий ×