Ысык-Көл областында өрттөнүп кеткен “Лексустан” эки кап кара куурай кулаган
Поделиться в:
Төрт адам тирүүлөй күйүп кеткен унаадан эки кап кара куурай кулаган. Бул тууралуу Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, бүгүн 8-сентябрда Ысык-Көл районунда, Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун 113-чакырымында «Лексус» унаасы кырсыкка кабылды, кырсыктан улам 4 адам салондо өрттөнүп кетти.
Алдын ала маалыматтарга таянсак, унаа Ананьево айылынан Чолпон-Ата шаарына бар жатып, айдоочу рулду башкара албай калган.
“Унаанын жанынан авто тетиктердин калыктары жана каза тапкандардын буюмдары табылды. Ошондой эле баганжниктен түшүп калган эки кап кара куурай табылды”,-деп кабарлашты басма сөз кызматынан.
Ссылка: https://barometr.kg/content6020
Добавить комментарий ×