Панфилов районунда 17 жаштагы Нурдан Калыгулов дайынсыз жоголду
Панфилов райондук ички иштер бөлүмү 2000-жылы туулган Калыгулов Нурдан Камчыбековичти издеп жатат. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Калыгулов Панфилов районунун Эфиронос айылынын тургуну, ал Панфилов айылынын Осмовнов көчөсүндө жайгашкан үйдөн 3-сентябрда саат 10:30да чыгып кетип ошол бойдон кайрылып келген эмес.
Белгилери: бою 170 см, болжолдуу салмагы 55 кг, арыкчырай, чачы күрөң.
Кара түстүү футболка, кызыл түстө шорты, бутунда көк түстөгү шлепка кийип жүргөн.
Өзгөчө белгиси: сөөмөйү жабыркаган, 30 пайызы жок.
Милиция Калыгулов тууралуу билгендер болсо 0312 43-01-27, 0312 43-88-85, 0312 60-79-89, 0313 7-5-12-79, 0700 93 77 83 телефондоруна байланышууну өтүнөт.
Ссылка: https://barometr.kg/content6014
Добавить комментарий ×