Ысык-Көл областында "Лексус" өрттөнүп, салондогу 4 киши тирүүлөй күйүп кетти

8 сентября 2017 10:49 360 Barometr
Поделиться в:
ok

 Ысык-Көл районунда, Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун 113-чакырымында «Лексус» унаасы кырсыкка кабылды, кырсыктан улам 4 адам салондо  өрттөнүп кетти.

Алдын ала маалыматтарга таянсак, унаа Ананьево айылынан Чолпон-Ата шаарына бар жатып, айдоочу рулду башкара албай калган.

Учурда кырсык болгон жерде ӨКМнын кызматкерлери, кайгуул милициясы жана укук коргоо органдары иш алып барууда.

Кырсыктын себептери такталууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6010



Добавить комментарий