Кыргыз-өзбек бизнес форуму 115 миллион долларлык долбоорлорду жактырды
Кыргыз-өзбек бизнес форумунун алкагында эки өлкө 115 миллион долларга барабар долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу боюнча макулдашты. Бул тууралуу 6-сентябрда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу учурунда премьер-министр Сапар Исаков билдирди.
Премьер-министр Сапар Исаков бардык иш-чараларды эффективдүү аткарууда мамлекеттик органдардын тыкыр иштөөсү шарт экенин айтты.
Өзбекстан президенти жер-жерлерде жаралган маселелерди ылдам чечүү үчүн эки өлкөнүн чек аралаш аймактарынын жетекчилерин тыгыз иштөөгө чакырды.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстандын биринчи-вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов менен Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Ачилбай Раматов эки өлкөнүн чек ара райондорунун башчыларынын кеңешин түзүү боюнча меморандумга кол коюшту.
Ссылка: https://barometr.kg/content5989
Добавить комментарий ×