Сапар Исаковдун министрлеринин кимиси канча жолу ант берди? (тизме)

7 сентября 2017 16:40 346 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 7-августта  парламентте өкмөт мүчөлөрү ант берди. Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү Конституцияны сактап жана элге ак кызмат кылууга ант беришти.

Бул арада социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары айрым министрлер бир нече ирет ант берип жатышканын жазышууда. Алардын пикиринде антты бир гана ирет берүү керек. Буга байланыштуу мыйзамга тиешелүү оңдоо киргизүүнү да сунуш кылышууда.

Barometr.kg  өкмөт мүчөлөрүнүн канчоосу канчанчы ирет ант берип жатканын  тактады. 

Жаңы өкмөттүн курамында ант бергендер: 

Премьер-министр Сапар Исаков биринчи ирет эл алдында ант берди;

Биринчи вице-премьер-министр – Толкунбек Абдыгулов;(Биринчи ант)

Экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр  – Дуйшенбек Зилалиев; (Экинчи ант)

Коопсуздук  маселелери боюнча вице-премьер-министр – Темир Джумакадыров; (Биринчи ант)

Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр - Чолпон Султанбекова; (Экинчи ант)

Экономика министри – Артем Новиков;(Биринчи ант)

Каржы министри– Адылбек Касымалиев;(Төртүнчү ант)

КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри – Нурбек Мурашев; (Экинчи ант)

КР транспорт жана жолдор министри – Жамшитбек Калилов; (Экинчи ант)

КР өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов; (Жетинчи ант)

КР билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева;(Үчүнчү ант)

КР саламаттыкты сактоо министри – Талантбек Баатыралиев; (Бешинчи ант)

КР маданият, маалымат жана туризм министри – Түгөлбай Казаков; (Экинчи ант)

КР эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – Таалайгүл Исакунова; (Үчүнчү ант)

КР улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы – Абдил Сегизбаев; (Экинчи ант)

КР коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы – Мирбек Касымкулов;

КР өнөржай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы – Улан Рыскулов; (Биринчи ант)

КР маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы – Нурбек Абасканов. (Биринчи ант)

Юстиция министри – Уран Ахметов;( Экинчи ант)

Тышкы иштер министри– Эрлан Абдылдаев; (Алтынчы ант)

Ички иштер министри- Улан Исраилов; (Экинчи ант)

 Өкмөт аппаратынын башчысы-Нурханбек Момуналиев;(Төртүнчү ант)

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5985



Добавить комментарий