Сахалиндеги курулуштан кулап, сегиз айдан бери комага түшкөн кыргызстандыкты Бишкекке алып келишет
Сахалин областында курулуштан кулап кетип сегиз айдан ашык убакыттан бери комда жаткан кыргызстандык мигрантты Бишкекке алып келишет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Айымкан Кулукеева билдирди.
Эскерте кетсек, мигрант Илияз Токтоназаров Россиянын Сахалин областындагы Долинск шаарында куруучу болуп эмгектенген. Иш учурунда ал бешинчи кабаттан кулап кетип сегиз айдан ашык убактан бери комада жатат. Жумуш берүүчүлөр кызматкердин иш маалындагы жабырланганынын жоопкерчилигин алуудан баш тартышты.
Кулукеева мекендешибизди Россиядан учак менен алып келиш үчүн Россиядагы кыргыздар каражат чогултканын белгиледи.
"Мага Илияз Токтоназаровдун бир тууганы кайрылды. Ильяз 41 жашта, үч баланын атасы. 14-сентябрда аны бир тууганы Эрнис Токтоназаровдун коштоосунда Бишкекке алып келишет. Аны Бишкектеги ооруканаларга жаткырыш үчүн көмсөк бериңиздер, сураныч”,-деп билдирди Кулукеева.
Ссылка: https://barometr.kg/content5977
Добавить комментарий ×