"Чык эшикке": ант бергенден кийин министрлерди парламенттин жыйындар залынан кууп чыгышты
Поделиться в:
Бүгүн, 7-сентябрда парламенттин жыйынында өткөн ант берүү аземинен соң өкмөт мүчөлөрүн вице-спикер Алтынай Өмүрбеков залдан чыгарып жиберди.
Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен парламентте өкмөт мүчөлөрүнүн антын кабыл алышты. Ант берүү салтанатына президент Алмазбек Атамбаев катышты.
Ант берүү иш-чарасынан кийин депутаттар күн тартибине киришти. Депутаттар суроо бергенге аракет кылышты, бирок жыйындар залынан чыгып жатышкан министрлердин күбүр-шыбырынан, кыймыл-аракеттеринен улам депутаттардын сөзү угулбай калып жатты. Депутататтар бул үчүн Өмүрбековага арызданышты эле, ал министрлерден тезирээк чыгып кетүүнү өтүндү.
Ал буйрук берип “Министрлер залдан чыккыла!”,-деди.
Ссылка: https://barometr.kg/content5973
Добавить комментарий ×