Депутат Бакиров Польшадан 40 млн евро жеӊилдетилген насыянын алына электигине нааразы болду
Жогорку Кеӊеш 2014-жылы Кыргызстан менен Польшанын ортосундагы насыялык келишимди ратификациялаган. Ага ылайык, Польша 40 млн евро көлөмүндө жеӊилдетилген насыя бермек. Тилекке каршы, ошол техникалык насыя ушул кезге чейин алына элек, келишимдин мөөнөтү өтүп барат. Анын тагдыры эмне болду? Бул тууралуу депутат Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.
«Жогорку Кеӊештин тармактык комитети келишимдин мөөнөтүн узартып берген. Ал эми Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлиги насыяны алып, дыйкандарга лизинг үчүн жеӊилдетилген насыя түрүндө бериле турганын билдирген. Бирок, андан дайын жок. Каржы жана Экономика министрликтери бул маселенин башын ачып бериши керек», - деди депутат.
Ссылка: https://barometr.kg/content5971
Добавить комментарий ×