Талас областында коңшу айылдагы мектепке барыш үчүн балдар 9 чакырым жолду жөө басышат

7 сентября 2017 13:17 470 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-прогресс” фракциясынан депутат Тазабек Икрамов өкмөт айрым аймактардагы окуучулардын маселелерине көңүл буруусу керектигин эскертти. Мындай  сунушту ал парламенттин жыйынында билдирди.

“Талас областынын Миң-Булак айылында орто мектеп жок, ошондуктан балдар коңшулаш Чалдовар айылына 8-9 чакырым жолду жөө басып барышат”,-деп эскертти депутат.

 Эл өкүлүнүн айтымында Чалдовар айылындагы мектептин абалы дагы өтө начар, ал 1929-жылы курулган.

Ссылка: https://barometr.kg/content5967



Добавить комментарий