Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдун Кыргызстанга мамлекеттик сапары аяктады

6 сентября 2017 17:08 481 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 6-сентябрда, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевдун Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапары аяктады.Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Президент Алмазбек Атамбаев  эл аралык «Манас» аэропортунда Өзбекстандын  Президенти Шавкат Мирзиёевду Мекенине узатты. Узатуу аземине  Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү жана Өзбекстан Республикасынын расмий делегациясынын мүчөлөрү, ошондой эле башка расмий адамдар  дагы катышышты.

Мамлекеттик  сапардын алкагында  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев тар курамда жана кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз ара кызыкчылык туудурган көптөгөн маселелер боюнча пикир алмашты,  эки тараптуу мамилелердин бардык  спектрин жана эки өлкөнүн ортосунда кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдун Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында   кыргыз-өзбек эки тараптуу бир катар документтерге, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө Келишимге кол коюлду.

Сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин мамлекет башчылары басма сөз үчүн билдирүү жасашты.

Ссылка: https://barometr.kg/content5937



Добавить комментарий