Парламенттин жыйынына 88 депутат келген жок. Дагы деле каникулда жүрүшөбү?
Бүгүн, 6-сентябрда парламенттин жыйынына болгону 32 депутат катышты. Калгандары жыйынга келишкен жок. Бул тууралуу укук коргоочу Динара Ошуракунова билдирди.
Укук коргоочу социалдык түйүндө жарыялаган видеодон жыйындар залындагы таблодо 100 депутат катталганы көрсөтүлгөнүн, бирок болгону 32 депутат отурганын көрүүгө болот.
Эскерте кетсек, бүгүн парламент эки маанилүү документти карады, алардын бири Афганистандагы согуштун катышуучуларына пенсия чектөөгө байланыштуу мыйзам жана онкологиялык оорулар менен ооруган бейтаптарга социалдык жана медициналдык көмөк көрсөтүүгө байланыштуу мыйзам.
Ошондой эле бүгүн жайкы каникулдан кийин парламенттин алгачкы пленардык жыйыны болду.
Ссылка: https://barometr.kg/content5925
Добавить комментарий ×