Гарварддын бүтүрүүчүсү эмнеге өкмөт башчысынын кеңешчиси эле болуп калганын талкуулашууда
Социалдык түйүндөрдө премьер-министр Сапар Исаковдун кадрдык саясатын талкуулашууда.
Сөз акыркы жолу болгон дайындоолор тууралуу жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, 4-сентябрда Исаков Гарвард университетинин бүтүрүүчүсү, 39 жаштагы Талант Султановду өзүнүн кеңешчиси кылып дайындаган.
Колдонуучу Хансар Айткулов эмне үчүн Гарварддын бүтүрүүчүсүнө өкмөт башчынын кеңешчиси деген кызматты беришкенине түшүнбөй жатканын жазды.
“Эмне үчүн Гарварддын бүтүрүүчүсү болгону премьердин кеңешчиси болуп, ал эми Россиянын аскер-механикалык институтунун Бишкектеги филиалын сырттан бүтүргөндөр Экономика министри болот?”,-деп нааразы болду Айткулов.
Башка колдонуучулар балким өкмөт башчыга өлкө экономикасын өнүктүрүүдөн мурда "Таза Коом" коом долбоорун ишке ашыруу маанилүүдүр деп болжоп жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/content5919
Добавить комментарий ×