Кыргыз-өзбек чек арасынын макулдашылган узундугу боюнча келишимге кол коюлду

6 сентября 2017 10:51 511 Barometr
Поделиться в:
ok

 Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу боюнча 5-6-сентябрда Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кечээ, 5-сентябрда президенттер жолугушуп тараптар 2017-жылдын 16-августундагы Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын Биргелешкен жыйынынын протоколуна ылайык кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара линиясынын макулдашылган узундугу боюнча келишимге кол коюшту. Ага ылайык чек аранын 85 пайызы келишилди.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган бөлүгү боюнча жумуш улантылат.

Эки өлкөнүн президенттери чек ара районунда ишенимди чыңдоого өзгөчө маани берип, аталган Келишим күчүнө киргенден кийин кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара районунда ишеничти бекемдөө боюнча Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Макулдашууну даярдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Мамлекет башчылары достуктун жана кызматташтыктын чек арасы боло турган - Мамлекеттик чек ара сызыгын укуктук тариздөөнү аяктоо боордош эки элдин түпкү кызыкчылыктарына жооп берээрин белгилешти.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5904



Добавить комментарий