Атамбаев менен Мирзиеев биргелешкен билдирүү менен чыгышты

6 сентября 2017 10:29 533 Barometr
Поделиться в:
ok

 Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу боюнча 2017-жылдын 5-6-сентябрында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Салттуу өз ара түшүнүшүү жана ачык-айкындуулук шартында мамлекет башчыларынын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрүнүн жана жолугушууларынын жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүнүн негизги маселелерин, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка жааттарда эки тараптуу мамилелерди андан ары кеңейтүүнүн жана тереңдетүүнүн келечеги, Борбордук Азиядагы кырдаал, ошондой эле өз ара кызыкчылыктарды жараткан актуалдуу региондук жана эл аралык маселелерди талкуулашты.

Мамлекет башчылары Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын алгылыктуу жана ургалдуу өнүгүүсүн канааттануу менен белгилеп, эки тараптуу мамилелерге сапаттуу, жаңы деңгээлди берүү эки өлкөнүн элдеринин турмуштук маанилүү жана узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп берерине токтолушту.

Ссылка: https://barometr.kg/content5901



Добавить комментарий