Беларусь менен жашыруун маалыматты эки жактуу коргоо жөнүндө макулдашууну жактырылды

5 сентября 2017 15:48 349 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин бүгүнкү, 5-сентябрдагы жыйынында «2015-жылдын 27-октябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жашыруун маалыматты өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» КР мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйында аталган маселе боюнча КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков баяндама жасады. Макулдашуунун максаты Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы саясый, аскерий, экономикалык, илимий-техникалык жана башка жааттагы кызматташуулардын жүрүшүндө ишке ашырылган жашыруун маалыматтарды коргоону камсыздоо болуп саналат.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына каршы келбейт жана социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик жана экологиялык терс кесепеттерге алып келбейт. Ошондой эле жарандарды жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына каршы келбейт, ишкерликти тескебейт, буга байланыштуу долбоор коомдун талкуусуна коюунун жана таасир этүү талдоосун жүргүзүүнүн кажети жок. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетти кошумча чыгымга алып келбейт.

Соңунда мыйзам долбоорун 3 окууда жактыруу чечими кабыл алынды.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5869



Добавить комментарий