Нурлан Мотуев № 2 абактын башчысын жекеге чакырды: Түз эфирде эркекче мушташабыз!
Абакта жаткан Нурлан Мотуев №32 абактын башчысы Тимур Анаркуловду жекеме-жеке кармашка чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык түйүндөгү видео кайрылуусунда айтты.
“Сенин боюң эки метр, мурдагы атайын бөлүктүн кызматкерисиң, балким мушташка чыгабыз. Мушташтан баарын эркекче чечебиз, коомчулукту аралаштырып эмне кереги бар. Шоу болсун, түз эфирде салгылашабыз”,-деп билдирди Мотуев.
Мотуевдин айтымында, анын Анаркулов менен болгон чатагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына карата анын видео кайрылуусунан кийин башталган.
ЖАМК Мотуев соттун чечиминин жаза шарттарын бузду деп маалымдап жатат. Соттун чечими менен ал ар бир аптада абак жайга келди деп текшерилип турушу керек. Бирок ал келмек түгүл, ЖАМКнын кызматкерлеринен жашынып жүрөт.
Бул арада Мотуев азыркы 2- видео кайрылуусун жолдоп жиберди.
Ссылка: https://barometr.kg/content5868
Добавить комментарий ×