Азамат Арапбаев айыл чарба адистиктери азайып баратканына кабатыр

20 января 2017 14:54 409 Barometr
Поделиться в:
ok

 СДПКнын фракциялык жыйынында депутат  Азамат Арапбаев айыл чарба адистеринен аксап жатканыбызды айтты. Эл өкүлү айыл-чарба адистиктерине негизинен айыл жерлеринен келген балдар тапшырышарын, бирок ЖРТдан өтө албай, натыйжада айыл-чарба факульеттери толбой калып атканын айтты. «Тилекке каршы, айыл-чарба адистиктерине шаар жерлеринен бүткөн балдар тапшырышпайт экен. Айыл-чарба иштерине аралашып  чоңойгондуктан, аймактардын келишкен  балдар бул адистиктерди тандашат экен. Контракттык бөлүмдө окууга баарынын эле мүмкүнчүлүктөрү жетпейт. Ал эми бюджеттик бөлүмгө өтө албай калышат.  Анткени, ЖТРдин босоголук чеги айылдын балдар үчүн жогору. Аймактардагы мектептерде билимдин сапаты төмөн. Ошондуктан айыл-чарба адистиктерине тапшыргысы келген балдар үчүн окууга өтүүнүн бир жолун табуу зарыл. Ансыз келечекте айыл-чарба адистеринин таңсыктыгы жаралып, өлкөнүн ирригациялык системасын талкалап алышыбыз ыктымал. Агрардык өлкөдө андайга жол берилбеши керек. Менин сунушум, фракциянын атынан Билим берүү министрлигине кайрылып, ушул маселе боюнча чара көрүүнү талап кылсак», - деди депутат А. Арапбаев.  Депутаттын мындай сунушун эл өкүлү Карамат Орозова колдоого алып, ЖТРдын босоголук чеги бардыгы үчүн бирдей болсо, анда ошого жараша билим берүүнүн сапатын да бардык аймактарда бирдей кылуу  керектигин белгилеп өттү.

Ссылка: https://barometr.kg/content582



Добавить комментарий