ССМ: Кыргызстанда 8 айда 227 адам ууланган

4 сентября 2017 12:52 348 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда  жалпы коомдук тамактануучу жайлардан уулануу окуяларынын саны азайды. Бул тууралуу КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин (ССМ) басма сөз кызматынан кабарлашты.  

Ведомство берген маалыматка таянсак, 2015-жылы 165 уулануу фактысы катталган, анын кесепетинен 366 адам жабыр тарткан, тогуз адам каза болгон. Өткөн жылы 138 учур катталып, 304 киши  жабыркаган жана жети адам каза тапкан.

Жыл башынан бери уулануу боюнча 69 факты катталып жана 227 жабырлануучу  бейтап болду, каза тапкандар жок.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5812



Добавить комментарий