Саламаттыкты сактоо тармагынын 4 багытын өнүктүрүүгө кошумча каражат бөлүнөт

4 сентября 2017 11:55 491 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Кредит №5135-KG, Грант №H839-KG), Гранттык макулдашууга (TF015135) жана №2 Кошумча-катка: Эффективдүүлүктүн жана мониторингдин көрсөткүчтөрүнө карата №1 өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кат-макулдашуунун долбоорун жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Жазгүл Кийизбаеванын айтымында, бул программа 2012-2016-жылдарга карата кабыл алынганын, бирок аны макулдашуу эки жылга создугуп кеткендиктен, аны 2018-жылга чейин узартуу зарылдыгы келип чыккан.

Бул долбоордун негизги милдети саламаттык сактоо тармагынын артыкчылыктуу 4 багытын жакшыртуу болуп саналат. Ошондон улам, программаны ишке ашырууга Швейцариянын кызматташтык бюросу 12 млн доллар, Дүйнөлүк банк 13,5 млн доллар (анын ичинде насыя – 45 пайыз), Немис өнүктүрүү банкы 16 млн евро бөлүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5807



Добавить комментарий