Авто жол, темир жол, туннель, эстакадалык көпүрө үчүн жер тилкелери мораторийден чыгарылат

4 сентября 2017 11:33 401 Barometr
Поделиться в:
ok
Бүгүн, 4-сентябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери – КР Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Нурбаев, У.Примов, И.Матраимов, М.Эгембердиев, А.Жамангулов.
 
Демилгечи депутаттардын бири Абдывахап Нурбаевдин айтымында, мыйзам долбоору мамлекеттик маанидеги муктаждыктарга жараша авто жол, темир жол, эстакадалык көпүрө жана туннель куруу үчүн жер тилкелерин мораторийден чыгаруу максатында сунушталган.
Маалыматка ылайык, Ош-Баткен жолун, Бишкек-Ош жолундагы Өзгөн шаарында, Түндүк-түштүк жолу жана башка жрелерде жогорудагыдай муктаждыктар бар.
Талкууда комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен айыл чарба жерлерин жоготууда кенемтени төлөө маселесин, ошону менен катар реконструкция болуучу жолдор бул мыйзамга тиешелүү болор-болбосун такташты.
Соңунда «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 3-окууда жактырылды.
 
 
 
 
 
 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/content5803



Добавить комментарий