Москвадагы болгон өрттө жабыркагандардын бири башкы директорго чыгарган өкүмгө арыз берди
«Печатный экспресс» басмаканасында болгон өрттө жабыркагандардын бири аталган басмакананын башкы директору Сергей Москвиндин 2,5 жылга, ал эми анын башкы инженери Антон Яцковдун 3,5 жылга абакка кесилишине нааразы болуп өкүмдүн үстүнөн даттанды. Бул тууралуу Москванын Бутырский сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
“Сотко Москвин жана Ярковдун өкүмүнө карашы аппеляциялык арыз келип түштү”,-деп айтты соттун өкүлү.
Арызды кароо күнү белгилене элек.
Эскерте кетсек, “Печатный экспресс” басмаканасында былтыр 27-августтун таңында болгон өрттөн 17 адам, анын ичинде Кыргызтандын 14 жаранынын өмүрү кыйылган. Курмандыктардын баары кыз-келиндер эле, алардын биринин боюнда болгон.
Буга чейин аталган басмакана жана анын башкы директору 6 миллион рубль айыппул төлөй турганы кабарлаган.
Россиянын борборунун Бутурский райондук сотунун 18-августтагы өкүмүнө ылайык, “Печатный экспресс” басмаканасынын башкы директору Сергей Москвин 2,5 жылга, башкы инженери Антон Яцков 3,5 жылга жатак абакка кесилген.
Өрттөн курман болгондордун туугандары өкүм менен макул болушкан эмес.
Ссылка: https://barometr.kg/content5756
Добавить комментарий ×