Майрамдарга байланыштуу унаага, турак жайга салык төлөө 4-сентябрга чейин узартылды
Поделиться в:
Ушул жылдын 1-сентябры майрам күндөргө туш келип калгандыктан транспорт, турак жай жана жерге салык төлөө мөөнөтү 4-сентябрда аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
“Ошондуктан унаа каражаттарына, турак жайга, квартира жана жерге салык төкпөгөндөр калган күндөрү жана 4-сентябрда дагы салыкты төксө болот. Салыктар банктар, терминалдар, мобилдик жана интернет банкинг кызматтары аркылуу төлөнөт”,-деп кабарлашты салык кызматынан.
Өз убагында салык төлөбөгөн жарандарга 2000 сомдук айып пул каралган. Жана ар бир күн үчүн туум кошулат.
Ссылка: https://barometr.kg/content5753
Добавить комментарий ×