Трамп бүгүн Американы башкара баштады

20 январь 2017 10:01 429 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Дональд Трамп бүгүн Американы башкара баштап, президенттик кызматын аркалай баштады. Бүгүн  жаңы президент Дональд Трамптын жана шайланган вице-президент Майк Пенстин кызматка кирүү аземи өтөт. Салтанатка кызматын тапшырып жаткан президент Барак Обама жана вице-президент Жо Байден үй-бүлөлөрү менен катышат. Ошондой эле аземге экс-президенттер Жимми Картер, кичүү Жорж Буш, Билл Клинтон жубайы, Трамптын атаандашы Хиллари Клинтон менен чогуу чакырылган. Аземдин алдында Дональд Трамп Арлингтон көрүстөнүндөгү Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар койду. Вашингтондогу майрамдык концертке катышты. “Биз Американы бириктирип, аны кайрадан улуу мамлекет кылууну каалайбыз”,- деди Трамп концертте чыгып сүйлөп. Вашингтондо коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө. Дээрлик 28 миң полициячы жолдорго тосмолорду жана чектөөлөрдү коюп чыгышты. Борбордук аянтка кум жүктөлгөн унаалар апкелинди.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content574



Добавить комментарий