Кайынэнесин өлтүргөн келин: Ал күйөөм экөөбүздү ажыраштырам деп коркутту

30 августа 2017 12:07 2684 Barometr
Поделиться в:
ok

Башы кесилип, таштандыдан сөөгү табылган 51 жаштагы Жумагүл Арзыбаеванын өлүмүнө келини шектелүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. 

Шектелип жаткан Умсунайдын айтымында, кайынэнеси аны дайыма кемсинтип келген жана күйөөсү менен ажыраштырууну каалаган.

 26-августта болжол менен саат 07.00дө келиндин күйөөсү жумушка кеткен. Кайынэнеси аны коркутуп, урушуп өзүнүн бөлмөсүнө кирген. Келини короодон таш алып келип уктап жаткан кайнэнесин бир нече ирет башка чапкан. Анын өлгөнүн билгенден кийин эжесине телефон чалган. Балдарын алып анын үйүнө барган. Кайра эжеси экөө кайтып келип аялдын сөөгүн балконго алып чыгып жиликтемей болушкан. Башын кесишип буттарын кесмек болуп кесе албай калышкан. Базардан чоң сумка жаңы бычак сатып алышып аялын сөөгүн сумкага салышып кечки саат 21-22лер чамасында таштандыга такси менен алып барып ыргытышкан.

 Башын өзүнчө таштанды челекке ыргытышкан, учурда ал табыла элек.

      

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5739



Добавить комментарий