Осмонбек Артыкбаев тарыхый балуулуктар жөнүндө маселе көтөрдү
Жогорку Кеңештин “СДПК” фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев баалуу тарыхый жайлар боюнча маселе көтөрдү. Эл өкүлүнүн пикирине таянсак Өзгөндөгү мунара, Саймалуу-Таш тарыхый, баалуу эстеликтерди сактап, өнүктүрүү зарыл. Анткени, учурда тарыхый жайларды талап-тоноо, талкалоо иштери күч алууда. Ошол эле мезгилде Кыргызстандагы мындай тарыхый баалуу жайларды туризм багытында пайдаланылбай жатат. Дүйнөдөгү көп өлкөлөрдө ушундай тарыхый жайларга туристтерди тартуу менен аз эмес киреше табышат. Кыргызстанда буга тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай, маани берилбей келүүдө. Өкмөттүн бул багытта конкреттүү иш-пландары жок болууда. Эл өкүлү өкмөткө кайрылуу менен бул багытта тиешелүү иштерди алып барып, тарыхый-маданий эстеликтерди сактоо, өнүктүрүү, пропагандалоо иштерин жүргүзүү керектигин белгилеп өттү.
Ссылка: https://barometr.kg/content571
Добавить комментарий ×