Аламүдүн районундагы каналдан белгисиз эркектин сөөгү табылды

29 августа 2017 12:11 398 Barometr
Поделиться в:
ok

Аламүдүн районундагы Озерное айылында 25-августта болжол менен саат 18.00дө азиат улутундагы белгисиз эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

 Белгилери: жашы 30-35тер чамасында, орто бойлуу, бою болжол менен 160-165 см.

 Жашыл түстөгү камфуляж куртка, «Солнце радует всегда» деген жазуусу бар ак футболка, «Найк» деген жазуусу бар көк түстүү шым, көк түстөгү ич кийим кийип жүргөн.

 Маркум тууралуу маалымат билгендер болсо 0312 43-01-27; 0312 36-35-27,0701 45-15-82, 0700 20-96-66, 0701 25-55-93 телефондоруна байланышууну өтүнүштү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5704



Добавить комментарий