Ахрараль-Шам тобу Астанадагы тынчтык сүйлөшүүгө келбейт

19 января 2017 17:24 492 Barometr
Поделиться в:
ok

Дүйнө лидерлери азыр   Сириядагы согушту аягына чыгаруу менен убара. Жада калса согушчандар менен биргеликте  тынчтык сүйлөшүүгө Астана шаарына чогулуш өткөрүүгө макулдашышкан. Бирок Ахрараль-Шам тобу Астанадагы тынчтык сүйлөшүүгө келбей турганын билдирди. Сирия президенти Башар Асаддын өкмөтүнүн аскерлери менен согушуп жаткан салафиттик бригадалардын кошууну "Ахрар аш-Шам" тобу 23-январда Астанада өтүүчү Сирия тууралуу тынчтык сүйлөшүүлөргө катышпай тургандыгын билдиришти. “Fars”  агенттигинин билдирүүсүнө ылайык, "Ахрар аш-Шам" тобу баш тартуунун себебин Сирия өкмөтү ок атпоо режимин аткарбоодо жана бир нече жолу ок атпоону бузду деп түшүндүрүшкөн. "Ахрар аш-Шам" Сирияда президент Башар Асаддын өкмөтүнүн аскерлери менен согушуп жаткан салафиттик бригадалардын кошууну. Алардын мүчөлөрүнүн саны 10 миңден 20 миңге чукулдап баратат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content570



Добавить комментарий