Анкарада кыргызстандык кыз бир нече күндөн бери тентип жүрөт. Ким экенин таанууга көмөк сурашууда!
Түркиянын Анкара шаарында кыргыз улутундагы аялдын туугандарын издеп жатышат, болжолу ал эс-акылын жоготуп койгон.
Социалдык тармактар аркылуу кыргызстандыктарга шаарда тентип жүргөн аялдын сүрөтүн жөнөтүшкөн.
“Бул аялды (кызды) тааныгандар барбы? Сүрөттөрдү мурда Кыргызстанда иштеп кеткен түрк коллегалар жөнөтүштү. Аларга Кыргызстанда иштеген элеңер, тааныйсынарбы, Анкарада центрде көчөдө жүрөт, ооруп калган окшойт, атын да айта албай атат деп бирөөлөр жөнөтүшүптүр. Кечээ Кыргызстандан ырчылар келип Анкарада чоң концерт болду, бирок бир да кыргыз бул кызга карап, жардам бербей койду деп жатышыптыр. Балким тааныгандар чыгып калат. Болушуп коюңуздар!
Мага 1 сааттай мурун жөнөтүштү, аларга ватсаптан келиптир”,-деп жазды соцтүйүндүн колдонуучусу.
Ссылка: https://barometr.kg/content5695
Добавить комментарий ×