«СДПК» фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Жергиликтүү кеңештин депутат айымдарын кабыл алды

19 января 2017 15:48 519 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн  Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын лидери Иса Омуркулов өлкөнүн ар бир облусунан келген жергиликтүү кеңештердин айым депутаттары менен жолугушту. Жолугушууда негизинен жергиликтүү кеңештерде айым депутаттардын санын көбөйтүү, жергиликтүү бийлик бутактарына айымдардын келүүсүн шарттоо менен тендердик теңчиликке жетишүү, айымдардын мамлекеттик башкаруу иштериндеги ордуларын жогорулатуу сыяктуу маселелер жөнүндө сөз болду.      «Аялдардын коомдогу орду өзгөчө, сиздердин коомдук турмушка активдүү катышууңар өтө зарыл. Анткени, көптөгөн социалдык маселелер аялдар менен байланыштуу. Тилекке каршы, мурда аткаруу бийлигинин шаар, райондогу түзүмдөрүндө социалдык маселелер менен аялдар иш алып барчу. Бүгүнкү күндө андай эмес болуп баратат. Мында өкмөттүн кемчиликтери бар экенин моюнга алышыбыз керек. Ошондуктан ушуга окшогон маселелерди чечүү үчүн сиздерге окшогон депутаттар, активист аялдар менен жолугушууларды уюштуруп турушубуз зарыл. Бул көптөгөн маселелерди чечүүгө, иштерди баштоого түрткү болот. Сиздер менен тыгыз иштешүүгө биз, ЖК депутаттары да кызыкдарбыз. Бул жер-жерлердеги көптөгөн социалдык көйгөйлөрдү алдын алууга, чечүүгө мүмкүндүк берет», - деди фракция лидери.

Ссылка: https://barometr.kg/content568



Добавить комментарий