Эгемендик күнүнө карата Бишкекте бир катар борбордук көчөлөр жабылат
Поделиться в:
Кыргызстандын Эгемендик күнү жана Курман айт майрамына карата Бишкектеги бир катар борбордук көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Аталган маалыматка таянсак, Чүй көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгү, Тоголок Молдо, Логвиненко көчөлөрүнүн жана Эркиндик бульварынын Чүй көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки аралыктары жабылат.
Ошондой эле Эгемендикке карата даярдык иштерине байланыштуу 28-августтан 30-августка чейин саат 18:00дөн 20:00гө чейин Ала-Тоо аянтына кирүүгө чектөө киргизилет.
Ссылка: https://barometr.kg/content5669
Добавить комментарий ×