Ошто 70ден ашуун балага окуу куралдары белекке берилди

28 августа 2017 14:33 623 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 28-августа Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев билим күнүнө карата аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына окуу куралдары менен толтурулган баштыктар белекке берди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев мектеп окуучуларына жаңы окуу жылы ийгиликтүү башталып, билимдүү жаштардан болуп, ата-эненин эмгегин актагыла деген тилектерин билдирди.

“Билим гана адамды эркин жана бийик кылат. Андыктан билимдүү болгула. Алган билиминер менен келечекте өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон, эл үчүн кызмат кылган жаштардан болуп чоңойосунар деп ишенем. Силерди баардык нерсе менен камсыздап жаткан ата-эненин, билим берип жаткан мугалимдин эмгегин актагыла”,-деди А. Кадырбаев.

Жалпысынан бүгүнкү иш-чарада 70ден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары окуу куралдарын алды. 

Ссылка: https://barometr.kg/content5668



Добавить комментарий