Ысык-Ата районунда 15 гектар жердеги чөп жана чычырканактын бадалдары өрттөнүп кетти

28 августа 2017 12:12 380 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Ата районундагы Ноорус айылында, тоого жакын жерде кургак чөп өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.   

Аталган маалыматка таянсак, өрт 27-августта болгон. Тоонун чыгыш капталында 15 гектар жерге жакын аймактагы кургак чөп жана чычырканактын бадалдары өрттөнгөн.   

Өрт болгон жерге ӨКМнын ыкчам тобу жөнөтүлүп, 200 куткаруучу тартылган. Саат 14төрдө чыккан  өрт кечки саат 20:35те толук өчүрүлдү.

 Өрт болгон жерде 4 чатыр тигилип, 112 куткаруучу нөөмөттө калды.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5660



Добавить комментарий