Кыргызстанга Эл аралык снукер Федерациясынын президенти келди
Поделиться в:
Кыргызстанга Эл аралык снукер федерациясынын президенти Мубарак Хадам келди. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов Эл аралык бильярд жана снукер федерациясынын президенти Мубарак Хамад Аль-Кхаярин менен жолукту. Тараптар кызматташтык боюнча макулдашып, Кыргыз жеринде аталган спорт түрүн өнүктүрүү боюнча сүйлөшүштү. Агенттиктен кабарлашкандай, жолугушууга Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешев жана КРнын Снукер федерациясынын башкы катчысы Шаирбек Маматокторов катышты. Жетекчинин келген максаты май айында өтүүчү снукер боюнча мелдешти өткөрүүнү сүйлөшүү.
Ссылка: https://barometr.kg/content564
Добавить комментарий ×