Виза ачтырууда сак болууну укук коргоо органдары эскертти

19 января 2017 12:12 593 Barometr
Поделиться в:
ok

Акыркы убактарда виза ачып беребиз деп адамдардан акча алып анан качып кеткен учурлар  көп катталып  укук коргоо органдарына арыз менен кайрылгандар көп кайталанып жатат.  ИИМдин  басма сөз кызматынын билдиргенине караганда 2017-жылдын 17-январь күнү арыз менен Ленин райондук ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын тургуну 63 жаштагы аял М.Н. кайрылган. Себеби 2016-жылдын 27-январь күнү, болжол менен жашы 50-55 курактагы белгисиз жаран арыз ээсинин ишеничине кирип, электр эсептегичин алмаштырып беремин деп алдоо жолу менен 2 000 сом акчасын алып, ушул күнгө чейин бербей качып жүргөн. Бул окуя боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын, ыкчам кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 166-беренесине ылайык (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголууда. Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн, ыкчам кызматкерлери тарабынан, ыкчам иш-аракетинин негизинде, Жалал-Абад облусунун тургуну 53 жаштагы М.Б., аттуу жаран кармалып, тергөө амалдарын жүргүзүү убагында, дагы ушундай 2 кылмыш ишине шектүү экендиги аныкталды.

Ссылка: https://barometr.kg/content561



Добавить комментарий