Алты баланын энеси: "Жолдошум ичкиликке берилип таштап кеткен. 1,5 жаштагы балам менен талаада жалданып иштейм"

25 августа 2017 18:24 590 Barometr
Поделиться в:
ok

 Бишкекте жашаган 6 балалуу Надира Утанова жолдошу ичкиликке берилип кеткендиктен, балдарын тамак-аш, кийим-кечек менен камсыздоодо кыйынчылыктар көп болуп жаткандыгын 23-августта SUPER.KG порталына айтып берди.

 Кичинекей 6 бала менен оор күндөрдү баштан кечирип жатканын айткан 31 жаштагы келин буларга токтолду: "18 жашымда турмушка чыгып, жолдошум менен 11 жыл чогуу жашадым. Ал акыркы убактарда спирттик  ичимдиктерди көп ичип, мага жана балдарына кол көтөрө баштады. Үйдө күн сайын жаңжал болгондуктан балдарым коркок болуп, аң-сезимине терс таасир берип жатты. Аргасыздан ажырашууга туура келди. Жакында эле кыздарымдын бирин унаа сүзүп кетти. Атасы келип анын абалын сураганга жараган жок".

Надира Утанова Лейлек районунун тургуну. Ал Токтогул районунун жашоочусуна турмушка чыгып, 2 уул 4 кыздуу болушкан. Айтымында, кайын журту аларга жардам бербейт. Учурда бул үй-бүлөнүн эч жерде каттоосу жок болгондуктан мамлекеттен 6 баласына жөлөк пул да берилбейт.

"3 айлык кош бойлуу кезимде жолдошум ичип, чегип тескери жолго түшүп кетти. Азыр мага бир туугандарым да жардам бере албайт. Алар да менин турмушумдай жашоодо жашашат. Азыркы учурда эжелерибиздин үйүндө жашайм. Жалданып иштеп, капуста, кулпунай терип күнүнө 300-350 сом акча табам. Кээде кошуналардын үйүн актап, короосун шыпырып азыраак акча табам. Жумуш издеп чыкканда 1,5 жаштагы баламды 6-класстагы балам карап калат. Жакында окуу жылы башталганы жатат. Балдарыма кийим сатып алууга акчабыз жок. Өткөн жылы мектеп жашындагы балдарым ар кимдин эски кийимдерин кийген.Турмушубуз оорлошуп жатат. Кыш келсе кандай күндү көрөбүз, билбейм", - деп кошумчалады каарманыбыз Утанова.

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5609



Добавить комментарий