Октябрь Капалбаев, тарых илимдеринин кандидаты: «Биздин усталардын колунан жасалып, кооздолгон ээр, ат жабдыктар Американын президентине чейин белек болуп берилди»
-Октябрь Эркинович, учурда унутта калып бараткан тери өнөрчүлүгү боюнча абал кандай? Сиз аны окумуштуу этнограф катары көбүрөөк иликтеп жүрбөйсүзбү? Деги эле тери өнөрчүлүгү качан пайда болгон?
-Бул тема өтө актуалдуу тема. Себеби кыргыздар өтө байыркы анан көчмөн эл болгон эмеспи. Тери өнөрчүлүгү качан пайда болгон дегенде орустардын окумуштуусу Косфен деген биринчи кийим кечек пайда болгонбу же турак жай пайда болгонбу деген суроону койгон. Мына ушунун негизинде артта калган Африка, Индонезия сыяктуу өлкөлөрдө кийими жок эле жүрүшөт. Бирок алар турак жайга муктаж болуп жатышат. Турак жайдын баары ысыктан күндөн суудан сакташ үчүн терилерди колдонуп келишкен. Алгачкы адам пайда болгон күндөн баштап эле мына ушул териден жасалган буюмдарды биринчи төшөнчү катары коргонуч, курал колдонуп келишкен. Белгилүү тарыхчы Бартольд Борбордук Азиядагы эң байыркы эл кыргыздар деп айтып жатпайбы. Биздин заманга чейинки 3 кылымдан бери кыргыздар жашап келген же болбосо биздин заманга чейинки 3 кылымда кыргыз мамлекети пайда болгон деп жатат. Ал эми мамлекет болуш үчүн бир канча доорду басып өтүш керек. Биринчи эли, аймагы, улуттук аң сезими болуш керек.Ошолордун баары калыптанып олтуруп мамлекети түзүлөт. Кыргыздардын 90% пайдаланган буюмдарынын баары териден. Кийсе кийими, ичсе идиши, коргонсо куралы, минсе ат жабдыгы, баш кийиминен баштап бут кийимине чейин териден жасалган. Керек болсо согуштук курал жарактын баары териден жасалат. Мисалы Манаска баралы. Манастагыларды замандын жетишкендиги менен бүгүнкү күндө ошол чаначты, көнөчөктү, көкөөрдү айтсак пайдалануудан чыгып калды. Желим, фарфор, темир идиштер чыкты. Бирок ошол жасап аткан нерселерди кыргыздар миңдеген жылдар бою өзгөртпөй бүгүнкү күнгө чейин алып келген. Кыргызды жок кылбай алып келген буюмдардын бири катары териден жасалган буюмдар болуп эсептелинет. Манастагы кандагай шым деп айтылат. Кандагайды монгол тилинен кыргыз тилине которсок Багыш дегенди билдирет. Багыштын терисин да иштеткендиги белгилүү болот. Мисалы көөрүк деп темирдин жардамы менен үйлөйт да. Ошол көөрүк керик деген кериктин терисин алган деген вариант бар. Себеби малдын терилеринин өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Мисалы койдун териси жука болуп ички буюмдарга кана жарашы мүмкүн. Ал эми эчкинин териси чаначка жарап келген. Ал эми жылкынын териси көнөк, көнөчөк, көкөөр буюмдарга пайдаланылып келген. Ал эми уйдун терисинен кадимкидей коргонуучу курал жарактарды жасашкан. Калканды дагы жасашкан. Төөнүн терисинен добулбас өңдүү куралдар жасалган. Төөнүн териси өтө калың болот.
-Бүгүнкү күндө териден жасалган буюмдарды көрсөтмө куралдарга кана колдонуп калдык.Буга кошуласызбы?
-Мен муну 16-кылымга кайра баралы деп айтып жаткан жокмун. Муну мен ата бабаларыбыз жасап келген буюмдарды даңазалоо ирээтинде айткым келет. Туура азыр көргөзмө катары коюлуп калды. Бирок ошол эле учурда биздин ата бабаларды көптөгөн өлүмдөн, кыргындан ачкачылыктан сактап келген. Сактап келген нерселерди эмнеге айтпашыбыз керек?
-Териден жасалган буюмдардын дагы эркек ургаачысы болот деген кеп бар. Муну кантип чечмелеп бересиз?
-Мисалы жанагы Багыш деп айтып жатабыз. Бул тоотенимдик ишеним. Болбосо Манаста күрөөкө тонун кийиптир дешет. Күрөөкө деген сөз аюнун ургаачысы болуп айтылган кыргыздын байыркы сөзү экен. Күрөөкө тонду аюнун ургаачысынын терисинен жасашкан. Себеби аюнун эркегине караганда ургаачысы чыдамдуу болот экен. Манасты эле алып карайлы, өтүктүн бир нече түрү бар. Көкчеке, жеке сан, накен өтүк деп баары териден жасалган.
-Эл ичинде укмуштай чеберчилик менен жасалган тери өнөрчүлөрү барбы?
-Бизде андай буюмдар эки максатта жасалат экен. Мисалы ат жабдыктарын алалы.Борборлордо сувенир ирээтинде гана жасашат экен. Практикадан пайдалана албайсың. Анын жасалып жаткан сапаты дагы абдан жаман. Мисалы айыл жеринде териден жасап жаткан ат жабдыктары өтө практикалык жактан абдан жогору. Андай кол өнөрчүлүк менен териден жасалган укмуштай буюмдар абдан көп. Камчынын өрүмдөрү эле абдан көп. Этнограф катары мен айылдарды кыдырып жүрөм. Ата бабадан калган салтты унутпай өздөрү жасап, өздөрү кооз кылып өрүшөт. Бирок суро талап абдан аз да. Ал эми шаарда жасалып жаткан кооз буюмдар көздүн жоосун алат. Биздин усталардын колунан жасалып, кооздолгон ээр, ат жабдыктар Американын президентине чейин белек болуп берилди. Не деген гана укмуштай дүйнөнү дүңгүрөткөн адамдарга белек катары берилип жатат. Биздин кыргыздын усталары азыр Казакстанда тери өнөрчүлүгү менен алектенишет. Кыргыздын колоритин казактын колорити кылып берип койгон учурлар кездешет. Ушул жагы өкүнтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/content557
Добавить комментарий ×