КСДП премьерликке талапкер болуп жаткан Сапар Исаковдун программасын укту

24 августа 2017 14:25 476 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 24-августта парламенттин КСДП фракциясы премьер-министрликке талапкер болуп жаткан Сапар Исаковдун программасын укту.  

Barometr.kgге фракциянын катчылыгынан кабарлашкандай, жыйын консультациялык мүнөздө болду.

 Депутаттар Исаковдун программасын угушту жана суроо беришти. Бирок фракция чечим кабыл алган жок.

 Эртең көпчүлүк коалициясынын жыйыны болот.

Сапар Исаков жаңы өкмөттүн түзүмүн мурдагыдай калтырып, бирок министрлер кабинетинин курамына бир катар өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылды.

Негизинен Исаков өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнө төмөнкүлөрдү сунуштады:

 Биринчи вице-премьер-министрликке Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов;

 Экономика боюнча вице-премьерликке Өнөр жай боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев;

 Чек ара боюнча вице-премьерликке коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Джумакадыров;

 Каржы министрлигине - биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев;

Экономика министрлигине өкмөттүн аппаратынын каржы боюнча бөлүм башчысы Артем Новиков;

 Маалымат технологиялары боюнча мамлекеттик комитетке спикер Чыныбай Турсунбековдун мурдагы жардамчысы Нурбек Абасканов;

Өнөр жай боюнча мамлекеттик комитетине ушул эле комитеттин орун басары Улан Рыскулов;

 Өкмөттүн аппарат жетекчилигине (министрдин даражасында)- Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Нурханбек Момуналиев;

 Мамлекеттик кадр кызматынын башчысынын орду бош-президенттин квотасы

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5550



Добавить комментарий